Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

Венгрияда коронавирус чектөөлөрүнө каршы демонстрация өттү


Коронавируска анализ алып жаткан медкызматкер. Будапешт. 28-ноябрь, 2020-жыл.
Коронавируска анализ алып жаткан медкызматкер. Будапешт. 28-ноябрь, 2020-жыл.

31-январда Венгриянын баш калаасы Будапештте жүздөгөн адамдар коронавирус чектөөлөрүнө каршы нааразылык акциясына чыгышты.

Венгрияда вирустун жайылышын ооздуктоо максатында адамдарга топтолууга тыюу салынган. Өкмөттүн чектөөлөрүнө карабай өлкөдө 100дөй ресторан 1-февралдан баштап ишин жандантууну көздөп жатат.

Соңку чектөөлөргө ылайык, Венгрияда түнкүсүн коменданттык саат киргизилет, мектептер, тамактануучу жайлардын баары жабык.

Өкмөт башчы Виктор Орбандын өкмөтү чаралар коронавируска чалдыккандар азайганда гана жумшартыларын билдирди.

Венгрия өткөн жумада Орусиянын «Спутник-V» жана Кытайдын «Синфорам» вакцинасын алуу жөнүндө келишимдерге койгон Евробиримдиктин алгачкы мамлекети болуп калды.

Он миллион калкы бар Венгрияда 31-январга карата жалпы өлгөндөрдүн саны 12 миңден ашты. Ооруканаларда COVID-19 илдетинен жабыркаган 3500дөй бейтап бар.

XS
SM
MD
LG