Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Кыргызстан Түрк академиясы менен кызматташтыгын бекемдөөгө даяр экенин билдирди


Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчиси Алмазбек Бейшеналиевдин Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралы менен жолугушуусу.
Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчиси Алмазбек Бейшеналиевдин Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралы менен жолугушуусу.

Кыргызстан Түрк академиясы менен кызматташтыгын арттырууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу 1-февралда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралы менен жолугуп, кызматташтык маселелерин талкуулады.

Академиянын жетекчиси түрк элдеринин географиясын жана адабиятын чагылдыруучу биргелешкен китептерди басып чыгаруу боюнча пландары жана уюмдун жалпы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Министрликтин жетекчиси түрк элдеринин тарыхы жана маданияты жөнүндөгү маалыматтарды кеңири жайылтуу багытында чогуу кызматташууга даярдык бар экенин билдирди. Ал академияга мүчө болгон мамлекеттердин мамилесин бекемдөөдө маданий-гуманитардык кызматташтык чоң ролго ээ экенин белгиледи.

Түрк Кеңешин түзүү тууралуу келишим Азербайжандын Нахчыван шаарында 2009-жылы кабыл алынган. Уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия кирген. Түрк академиясы 2010-жылы негизделген. Анын максаты - түрк элдеринин тили, адабияты, маданияты, тарыхы боюнча илимий изилдөө иштерин координациялап, жергиликтүү булактарга таянып, түрк цивилизациясынын адамзат цивилизациясына кошкон салымын баалоо. (RK)

XS
SM
MD
LG