Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Көпчүлүк коалиция премьерликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатат


Улукбек Марипов, премьер-министрликке талапкер.
Улукбек Марипов, премьер-министрликке талапкер.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 1-февралдагы жыйынында премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатат.

Көпчүлүк коалициянын төрагасы, депутат Иса Өмүркулов Мариповдун талапкерлигин «Республика - Ата Журт» фракциясы көрсөткөнүн билдирди.

Азыр Улукбек Марипов өзүнүн пландары тууралуу депутаттарга маалымат берип, суроолорго жооп берүүдө.

Көпчүлүк коалиция премьер-министрдин талапкерлигин, өкмөттүн жаңы курамын жактыргандан кийин, ал парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине жиберилет. Андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Улукбек Марипов 41 жашта. Ал 2016-жылдын 19-мартынан бери Эсеп палатасын жетектеп келе жатат.

Ушул тапта премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарууда. Президент Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда өткөн 10-январдагы президенттик шайлоонун алдында өкмөт башчылык кызматты убактылуу токтоткон. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин 21-январда премьер-министрлик кызматты тапшырып, азыр иштеп жаткан өкмөт кызматтан кеткен.

Новиков башында турган аткаруу бийлиги өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин иштеп турат.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары кирет. (NT)

XS
SM
MD
LG