Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:46

Жактоочулар Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча сотко кайрылышат


Азимжан Аскаров сот залында. Архивдик сүрөт.
Азимжан Аскаров сот залында. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандык укук коргоочу, Бишкекте абакта каза болгон Азимжан Аскаровдун жактоочулары анын өлүмү үчүн мурдагы өкмөттү жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) сотко берүүгө камынып жатышат. Бул тууралуу 1-февралда «Азаттык» радиосуна Аскаровдун укуктарын коргоп келаткан «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, Аскаровдун өлүмүнүн себебин прокуратура тергесин деген өтүнүчтү Башкы прокуратура четке кагып койгондуктан териштирүүнү ЖАМКтын тергөөчүсү жүргүзүп жатат.

«Ошо бойдон тергөөчү тергеп жатат, - деди ал. - Биз жыйынтыгын күтүп жатабыз. Анан сотко кайрылабыз. Анткени, адвокаттардын айтканына караганда, тергөөчүнүн жазганы башка болуп жатат, а биздин колубузда аны кандайча өлүмгө чейин алып барышканы тууралуу бүт фактылар бар. Түрмө жетекчилиги адам укуктарын сактаган эмес».

Исмаилова белгилегендей, сотко арыз 2016-жылдын май айынан 2020-жылдын 25-июлуна чейинки өкмөт боюнча жазылат, себеби Бириккен Улуттар Уюмунун Аскаровду бошотуу тууралуу сунушу ошол мезгил аралыгында аткарылган эмес.

Тергөө органдары 2010-жылдагы июнь окуялары үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда түрмөдө каза болгон Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айткан.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышты. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген.

ЖАМК ал эки тараптуу пневмониядан каза болгонун расмий билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG