Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Кабулда бир нече жардыруу болду


Кабулдагы жардыруу болгон жер. 2-февраль, 2021-жыл.
Кабулдагы жардыруу болгон жер. 2-февраль, 2021-жыл.

Ооганстандын борборунда шейшембиде бир нече жардыруу болду. Кеминде үч киши өлгөнү кабарланды. Полициянын маалыматына караганда адегенде дүрмөттөлгөн машине жарылды. Курман болгон эки кишинин бири «Жамаат-и-ислах» кайрымдуулук фондунун жетекчиси болгон.

Дагы эки машине шаардын башка бөлүктөрүндө жарылып, бир нече киши жараланды.

Желалабад шаарында бир аскер окко учту. Парван провиниясында болсо коопсуздук кызматынын жогорку өкүлүн бутага алган жардыруу болду.

«Талибан» ал кыянаттыктарга тиешеси жок экенин билдиргени менен АКШнын Оганстандагы кайра куруу боюнча атайын инспекторатынын (SIGAR) жаңы отчётунда «Талибандын» согушкерлеринин Кабулдагы чабуулдары көбөйүп жатканы айтылган. Алар бутага өкмөт өкүлдөрүн, активисттерди жана журналисттерди алып жатышканы сөз болгон.

НАТО баштаган миссиянын маалыматына ылайык, былтыркы 1-октябрдан 31-декабрга чейин Ооганстанда 2 586 карапайым киши жабыркаган. Анын ичинен 810 киши өлгөн, 1 776 киши жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG