Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:30

Жогорку Кеңеш премьерликке Мариповдун талапкерлигин, өкмөттүн жаңы курамын карап жатат


Улукбек Марипов.

Парламенттин 3-февралдагы жалпы жыйынында премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлиги, жаңы өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы каралууда.

Марипов өкмөт түзүмүн, курамын, иш-пландары менен тааныштырып, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитет маселени 2-февралда үч сааттан ашык талкуулап, жактырган.

Комитетте баяндама жасаган учурда Улукбек Марипов эгер өкмөт башчы болуп дайындалып калса, алдыда коронавирус илдети менен күрөшүү, энергетикалык жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, референдум, парламенттик шайлоолорду өткөрүү маселелери турганын билдирди. Бул багыттарда иш алып барууга даяр экенин айткан.

Мариповдун билдиргенине караганда, ал сунуш кылып жаткан өкмөттүн курамы 22ден 16га азайтылат. Алардын сегизи жаңы сунушталууда, калганы өкмөттүн курамында мурда иштеп келгендер.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата-Журт» фракциясы сунуш кылган.

41 жаштагы Марипов 2016-жылдын мартынан ушул убакка чейин Эсеп палатасын жетектеп келди. (NT)

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG