Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Жазуучу, журналист Арслан Койчиев президентке кеңешчи болду


Арслан Койчиев.
Арслан Койчиев.

Жазуучу, журналист жана тарыхчы Арслан Койчиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 3-февралда мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Арслан Койчиев 55 жашта, тарых илимдеринин кандидаты, "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти, "Токтогулдун маданий мурасы" коомдук фондунун президенти.

"Мисмилдирик", "Бакшы жана Чынгызхан" тарыхый романдарынын автору. "Азаттык", Би-Си-Си медиаларында иштеген.

Президенттин сайтындагы маалыматтарга караганда, бул жарлык - президент Жапаровдун кеңешчи дайындоо тууралуу алгачкы жарлыгы.

Садыр Жапаров быйыл 10-январдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетип, 28-январда кызматка расмий түрдө киришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG