Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Мирзиеев шайлоону октябрда өткөрүү мыйзамына кол койду


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча парламент жактырган мыйзамга кол койду. Ага ылайык, президенттик, парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо 24-октябрда өтөт.

Буга чейин шайлоо декабрдын акыркы он күнүнүн алгачкы жекшембисинде өткөрүлчү.

Өткөн айда мыйзам чыгаруучулар президенттик шайлоону декабрда өткөрүү реформалардын ишке ашышына, мамлекеттик программаны кабыл алууга тоскоолдук жаратып жатканын жүйө кылып, октябрга жылдырууну сунушташкан.

Өзбекстандагы айрым сынчылардын айтымында, адатта декабрда кыш түшүп, жылуулук жана башка маселелерден улам бийликке болгон нааразылык күч алат. Шайлоону жылдыруунун негизги себеби ушул болушу мүмкүн дешет алар.

Шавкат Мирзиеев экинчи жолу президенттикке ат салышары күтүлүп жатат. Ал 32 миллион калкы бар мамлекеттин башына 2016-жылы, мурдагы авторитардык президент Ислам Каримов көз жумгандан кийин келген. Ошол жылдын декабрь айында өткөн шайлоодо жеңип чыккан.

XS
SM
MD
LG