Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Ошто жеке компания менен жер талашкандар соттун алдында митинг өткөрүштү


Ош облустук сотунун алдына 50гө чукул адам адилет чечим чыгарууну талап кылып чыгышты. Алар 2016-жылдан бери “Түштүк суу курулуш” компаниясы менен 112 гектар жер талашып келишет.

Жер 1993-жылга чейин “Түштүк суу курулуш” компаниясына таандык болгон. 1993-жылы Ош облустук администрация башчысынын №117 токтому менен Озгур айылынын тургундарына үлүш жер катары бөлүнүп берилген. Андан бери жерди айылдагы 200дөн ашуун кожолук пайдаланып келген.

Соттук отурум 9-февраль 14:00гө белгиленип, компаниянын өкүлдөрү келбегендиктен 25-февралга жылдырылды.

“Түштүк суу курулуш” компаниясы алгач Ош шаардык сотуна Ош облустук администрациясынын 1993-жылдагы №117 токтомун жокко чыгаруу талабын менен кайрылган. Шаардык сот жеке ишкерлердин талабын канаатандырбаган соң Ош облустук сотуна даттанган. (MrA\ErN)

XS
SM
MD
LG