Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Муфтийликке талапкерлердин арызы 17-мартка чейин кабыл алынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жетекчилик кызматка талапкерлердин арызы 17-февралдан тартып 17-мартка чейин кабыл алынат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна кеңештин төрагасы Абибилла Кадырбердиев билдирди.

Муфтияттын уставына ылайык, жаңы жетекчи шайланып келгенче дин башкармалыгын муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев башкарып турат.

Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, муфтийликтен өз каалоосу боюнча баш тарткан Максатбек Токтомушевдин арызын карап, канааттандырды.

Токтомушев 10-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына шектүү катары киргизилгени белгилүү болгон.

Ага чейин УКМК муфтияттын башкы эсепчисин кармап, камакка алган.

Атайын кызмат муфтиятта каржылык мыйзам бузуу болгонун айтууда.

Токтомушевдин жакындары же анын адвокаты УКМКнын айыптоосу тууралуу эч кандай комментарий бере элек.

Өткөн жумада ал "Азаттыкка" курган маегинде ажылыктын акчасы боюнча айтылып жаткан айыптоолор жалаа экенин билдирген.

Бүгүнкү жыйында Аалымдар кеңеши кезектеги курултайын 5-апрелде өткөрүү тууралуу чечим кабыл алды.

Аалымдар кеңеши Кыргызстанда мусулмандар курултайынан кийинки жогорку орган болуп саналат. 21 кишиден турган кеңештин мүчөлөрүн куралтай үч жылга шайлайт.

Муфтийди курултай төрт жылга шайлайт.

Токтомушевдин мөөнөтү быйыл март айында аяктамак. (AiB/RK)

XS
SM
MD
LG