Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Садыр Жапаров: Кадрлар туура эмес келсе, саат сайын алмашыш керек


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы маегинде Бишкек шаарынын мэрин бекитүүнүн айланасындагы маселелер жөнүндө да позициясын билдирди. Ал Кыргызстанда учурда кадр таңкыстыгы курч экенин белгилеп, таза иштеген, коррупцияга малынбаган кишилерди табуу оор болуп жатканын айтты.

Жапаров: Нургазиев юрист аялды урганын айткан эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00

Ал кыска убакытка калаа жетекчисинин милдетин аткарган Эрмек Нургазиев менен жолугушканын ырастап, аны татыктуу деп ойлогонун айтты.

«Ал «мэрликке талапкер болуп баратам» деп мага келген. Кабыл албай койбойсуң да, кабыл алдым, сүйлөштүм. Жакшы идеялары бар бала экен. Шаарды өнүктүрүү боюнча максаттары, пландары бар экенин айтты. Бир эмес, эки жолу «артың тазабы?» деп сурадым, «эч кандай жаман иштерге аралашкам эмесмин» деди. Мурда мамлекеттик кызматтарда иштебептир, курулуш тармагында жеке иштери менен гана алек болуптур. Анан ал мага «мен адвокат аялды тоголото урдум эле, артымда батирлер боюнча талашым бар эле» деп айткан эмес. Мунун баарын кеч билдик. Мэр болуп койгондон кийин эле ошолору чыга баштады, мен ал тууралуу өз оюмду Интернетке жазып койдум. Аял кишини ушунчалык урган киши, репутациясы бузулган адам мэр болуп барганы туура эмес. Ошентип эртеси башка мэр барып туруп калды. Эми бул жерде мындан трагедия көрүштүн кереги жок. Эгер туура эмес келсе, кадрлар күн сайын эмес, саат сайын алмашыш керек. Мисалы, Грузияда реформа жасалганда, кадрлар, министрлер жума сайын алмаштырылган. Кадрларды даярдоо үчүн беш-он жыл убакыт керек болот»,-деди Садыр Жапаров.

9-февралда Бишкектин мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев кызматтан кеткен. Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун буйругу менен анын ордуна Эрмек Нургазиев дайындалган.

Бул күндөрү Интернетте «Нургазиев нааразылык акциясына чыккан аялга кол көтөргөн» деген видео тарап жатат. Айрым маалыматтарга караганда, ал аял адвокаттык ишин аткарып жаткан жана Нургазиев менен үлүш негизинде көп кабаттуу үй куруу боюнча милдеттенмелердин аткарылбай жатышына байланыштуу айтыша кеткен.

Нургазиев бул тууралуу журналисттерге «Ал аял биздин үлүшчүлөрдүн жыйыны өтүп жаткан жерге келип, телефонун даярдап коюп, бетиме чаап жиберген. Бул 1,5 жыл мурда болгон окуя. Мен да реакция болуп кетип, чаап жибергем. Анысы чын» деп айткан.

Мындан кийин президент Садыр Жапаров социалдык түйүндөрдөгү баракчасында муну айыптаган пикирин калтырган.

10-февралда премьер-министр Улубек Мариповдун Эрмек Нургазиевди дайындоо чечими жокко чыгарылып, калаа жетекчисинин милдетин аткаруучулук кызматка Бактыбек Кудайбергенов бекиген. (ErN)

XS
SM
MD
LG