Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Роналду дүйнөдө алгачкы болуп социалдык тармактарда эң көп катталуучу топтой алды


Португалиялык футболчу Криштиану Роналду.
Португалиялык футболчу Криштиану Роналду.

Криштиану Роналду дүйнөдө алгачкылардан болуп социалдык тармактарда 500 миллион катталуучу топтой алды. Анын «Инстаграмдагы» баракчасына 261 миллион, «Фейсбукта» 148 миллион жана «Твиттерде» 91 миллион катталуучусу бар.

36 жаштагы португалиялык футболчу италиялык «Ювентус» клубунун чабуулчусу. Ал карьерасын португалиялык «Спортинг» клубунда баштаган, кийин «Манчестер Юнайтед», «Реал Мадрид» клубдарында ойногон.

Роналду Европанын чемпиону, «Алтын топтун» беш жолку ээси. Эксперттер аны тарыхтагы мыкты футболчулардын катарына кошуп келет. Ал дүйнөдөгү эң кымбат гонарар төлөнгөн спортчулардын бири.

XS
SM
MD
LG