Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Дастан Жумабеков: Жээнбековдун кемчилиги - кайрылууларга көңүл бурбай койгон


Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

Жогорку Кеңештин экс-спикери, депутат Дастан Жумабеков super.kg видео порталындагы маегинде экс-президент Сооронбай Жээнбековдун башкаруусундагы кемчилиги катары анын коомчулукта айтылган кайрылууларга көңүл бурбай койгондугу болгон деп эсептейт.

“Адам баласы болгондон кийин кемчилиги болот. Бирок, мамлекетке кыянатчылык кылган жок. Балким коомчулукта айтылган кээ бир кайрылууларга көңүл бурбай койгону - кемчилиги болушу мүмкүн”, - деди Жумабеков.

Жумабеков маегинде 2020-жылы 6-октябрь окуяларында Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен сүйлөшүп, өлкө тынчтыгы үчүн кызматын өткөрүп бергенин айтты. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдик толкундоодон кийин өз эрки менен кызматтан кеткен.

6-октябрь күнү кечинде “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Дастан Жумабеков өз арызынын негизинде төрагалык кызматтан алынган. Анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев төрага болуп шайланганы кабарланган. Бир нече күндөн кийин парламент кайрадан чогулуп, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаевди спикер кылып тандашкан. Көп өтпөй ушул эле фракциядан Талант Мамытов төрага болуп шайланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG