Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:29

Мэрия коомчулуктун сынынан кийин фитнес-билерик сатып албай калды


Бишкектин мэриясы жана шаардык кеңеш жайгашкан имарат.
Бишкектин мэриясы жана шаардык кеңеш жайгашкан имарат.

Свердлов райондук администрациясынын 250 фитнес-билерик алууга 500 миң сомдук тендер жарыялаганы коомчулукта кескин сын-пикирди жаратты. Социалдык тармактардагы кызуу талкуулардан кийин Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы тендерди жокко чыгаруу чечими кабыл алынганын кабарлады.

Мэрия тараткан кайрылууда “Жергиликтүү бюджетти үнөмдүү пайдалануу максатында мэрдин милдетин аткаруучу тендерден баш тартуу маселесин тапшырды”, – деп айтылат.

Мэриянын маалыматына ылайык, 8-март майрамына карата райондогу активист аялдарга белекке берүү үчүн фитнес-билерик сатып алуу үчүн тендер жарыяланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG