Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

Үсөнбаев: COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок режимди сакташ керек


Нурболот Үсөнбаев
Нурболот Үсөнбаев

Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 16-февралдагы брифингде билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Европа өлкөлөрүндө коронавирус басаңдап калды. Орусияда акыркы бир айдын ичинде ооруну жуктургандар эки эсе азайып, Казакстанда буга чейин бир суткада 1500 кишиден илдет аныкталып жатса, акыркы күндөрү 686га чейин түштү:

«Ошол эле учурда биздин республикада абал туруктуу болуп жатат. Бирок дагы деле лаборатория жолу менен тастыкталган жаңы учурлар катталууда. Демек, алдын алуу иштерин токтотуунун кажети жок. Режимди сактап турушубуз керек».

Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча 16-февралга карата коронавирус пандемиясы башталган былтыркы жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары 1 444 кишиге жетти.

Оору жуккандардын жалпы саны - 85 564 адам. 82 391 киши оорудан айыкты.

Азыр ооруканада 420 адам жатат, алардын 115нин абалы оор, 29у өтө оор абалда. 372 бейтап үйдөн дарыланууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG