Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Мьянмада аскерлер парламенттик шайлоодон соң жарандык бийлик калыбына келтирилерин жарыялашты


Мьянмада аскердик төңкөрүш уюштурган генералдар өлкөдө жаңы шайлоо өткөрүлгөн соң жарандык бийлик калыбына келтирүүгө убада беришти.

1-февралдагы төңкөрүштөн соң алгачкы басма сөз жыйынында генерал За Мин Тун «биздин максат шайлоону өткөрүп, уткан партияга бийликти өткөрүп берүү»,-деп билдирди.

Аскерлер шайлоо качан өтөрүн такташкан жок. Бирок өлкөдөгү өзгөчө абал бир жылга созуларын эскертишти.

Аскердик төңкөрүштөн соң Мьянмадагы шаарларда нааразылык акциялары өтүп жатат. Өлкөдөгү ири шаарлардын бири Янгондо демонстрация уланып, анын жүрүшүндө жарандар менен коопсуздук күчтөрү кагылышты.

"Коопсуздук күчтөрү сакталып турган акчаны колдонуп жатат" деген маалыматтан соң Борбордук банктын алдына чогулган жарандарды полиция таратууга аракет кылды. Эки күндөн бери өлкөдө интернетке чектөө киргизилген.

Аскердик төңкөрүш соң Аун Сан Су Чжи баш болгон бийлик башындагылар камакка алынган. Ага карата тыюу салынган байланыш каражаттарын колдонгон деген айып тагылган. Бүгүн жарандык лидерге карата дагы бир айып тагылганы белгилүү болду.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжинин партиясы өткөн жылдын ноябрь айындагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. Бирок армиянын жетекчилиги шайлоо мыйзам бузуу менен өткөнүн жүйө келтирип, бийликти кулаткан.

XS
SM
MD
LG