Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Анкарада Манастын айкели тургузулары кабарланды


Стамбул шаарындагы Манастын айкели. 2017-жыл.
Стамбул шаарындагы Манастын айкели. 2017-жыл.

Бул тууралуу Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги маалымат таратты.

Анда эстеликти бул райондогу сейил бактардын биринде тургузуу 17-февралда элчи Кубанычбек Өмүралиев менен Анкара шаарынын Кечиөрен аймагынын мэри Тургут Алтыноктун жолугушуусунан кийин чечилгени жазылган. Айкелди тургузуу жеке демөөрчүлөр жана Кечиөрен мэриясы тарабынан каржыланат.

Ушул эле Кечиөрен районундагы сейил бактардын биринде 2019-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун да айкели ачылган.

Чыңгыз Айтматовдун эстелиги Стамбул шаарында да бар.

2017-жылы Стамбул шаарынын Сүтлүже аймагындагы сейил бакта атайын бөлүнгөн жерге бийиктиги 10 метрге жеткен Манастын айкелинин ачылышы болгон.

Айкел ишкер Темирлан Сарлыкбек уулунун жеке каражатына тургузулган. Ага жалпысынан 4 миллион сом сарпталган. (ElB)

XS
SM
MD
LG