Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Ат-Башыда жаңы гемодиализ борбору ачылды


Ат-Башыдагы гемодиализ борбору
Ат-Башыдагы гемодиализ борбору

Ат-Башы районунда жеке ишкерлердин демилгеси менен жети орундуу гемодиализ борбору ачылды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Ат-Башы районунун акиминин социалдык иштер боюнча орун басары Динара Жунусова кабарлады. Ат-Башы районунун Казыбек айылынын жеке ишкерлери Адыл Кудайбергенов менен Рустам Карыбеков Германиядан 7 жабдуу алып келишип, эки кабаттуу имараттын ичин оңдоп-түзөп, борборду иштете башташты.

Борборго эки дарыгер, эки медайым, эки санитарка жана бир ашпозчу ишке алынды. Мындан ары райондо гемодиализге муктаж болгондор бул борбордон дарылана алышат.

Дарылоо акысы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу жүрүп, борбор мамлекеттик-менчик кызматташтык алкагында иштейт. Ат-Башы районунда гемодиализге муктаж бейтаптар мурда Нарындагы облустук ооруканага каттап турушкан.

Кыргызстанда 1500гө чукул адам гемодиализ алып, канын тазалатып турушат. (BCh)

XS
SM
MD
LG