Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

УКМК төрагасы Баткендеги чек арадагы айыл тургундары менен жолугууда


Камчыбек Ташиевдин эл менен жолугушуусу
Камчыбек Ташиевдин эл менен жолугушуусу

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Баткендеги чек арада жайгашкан айыл тургундары менен жолугууда.

Ал жолугушууда жаштарды кызуу кандуулукка алдырбоого, тополоң салбоого чакырды.

"Тажикстан менен 460 чакырым такталбаган эң оор участоктор калган, бирок аны да сүйлөшүү, дипломатиялык жол менен чечебиз. Чек ара күч менен чечилбейт. Эки тараптын макулдашуусу, сүйлөшүүсү менен чечилет. Элге, жерге каршы чечим кабыл алынбайт. Биз мамлекеттин чек арасын күчтөндүрөбүз", - деди Ташиев.

Ташиев менен кошо айыл тургундарына жолугушууга өкмөттүн Баткен облусуна жаңы дайындалган ыйгарымдуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев баштаган бир нече өкмөт мүчөлөрү катышууда.

Соңку күндөрү Баткен жана Жалал-Абаддын Ала-Бука райондорунда жергиликтүү тургандар менен коңшу мамлекеттин жарандарынын ортосунда жерге байланыштуу чыр-чатактар катталган.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казакстан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Тажикстан менен сүйлөшүү 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган. Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 процент), андан бери дагы 10 процентке жакыны такталды. (JsA)

XS
SM
MD
LG