Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Камчыбек Ташиев Ак-Сай, Көк-Таш айылдарына бара жатат


Камчыбек Ташиев Баткенде. 2021-жылдын 18-февралы
Камчыбек Ташиев Баткенде. 2021-жылдын 18-февралы

Бүгүн, 18-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барды. Ал Германиядагы дарылануусунан кийин Бишкекке учуп келип, дароо эле чек ара маселесин жеринен көрүү үчүн облуска бет алды.

"Азаттык" радиосунун аймактагы кабарчысынын айтымында, Ташиевди Баткен аба майданынан он чакты мамлекеттик кызматкер тосуп алды.

Ошондой эле аба майданда чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылган жана CASA-1000 долбооруна каршы бир нече адам плакаттарды кармап турушту. Ушул тапта Камчыбек Ташиев Баткенде чек ара чыры чыккан Ак-Сай, Көк-Таш айылдарына бет алды.

Соңку күндөрү Баткен, Ала-Бука райондорунда Тажикстан менен чектеш аймактарда жергиликтүү тургандар менен коңшу мамлекеттин жарандары ортосунда жерге талашка байланыштуу чыр-чатактар катталган.

Кыргызстан 4 мамлекет менен чектешет. Казактан, Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган. Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 процент), андан бери дагы 10 процентке жакыны такталды. (JsA/BCh)

XS
SM
MD
LG