Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Өзбекстанда күн сайын 70 киши эмделет деп күтүлүүдө


Өзбекстандагы коронавируска карата текшерүү учуру
Өзбекстандагы коронавируска карата текшерүү учуру

Өзбекстандагы коронавируска каршы күрөштүн алкагында ар бир эмдөө борборунда күн сайын 70тен адам эмделип турат. Бул тууралуу вируска каршы күрөшүү штабынын мүчөсү Нурмат Отабеков журналисттерге маалымдады.

Эмдөө алган адам алгач дарыгердин көзөмөлүндө жарым саат отуруп, андан соң аны үч күн бою медициналык кызматкерлер байкоого алып, үйүнө улам барып турушат.

Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөө үчүн 3 138 борбор ачылып, 862 мобилдик топ түзүлгөн. Ар бир топтун курамында бирден үй-бүлөлүк дарыгер, бир эмдөөчү медик жана бир медайым тартылган.

Расмий маалыматтар боюнча, Өзбекстанда эмдөөгө алынышы керек болгон 4 112 668 киши катталган.

Коронавируска каршы эмдөө Өзбекстанда 2021-жылдын март айында башталат.

Расмий маалыматтар боюнча, Өзбекстанда 79 632 адамга вирус жугуп, 622 өлүм катталган. (BCh)

XS
SM
MD
LG