Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:26

"Апрель ТВ": Шаардык сот телеканалды колдогон чечим чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык соту Аскер прокуратурасынын “Апрель ТВ” телеканалы боюнча өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Мындай чечим шаардык сотто бүгүн, 25-февралда чыкканы тууралуу маалымат телеканалдын расмий сайтына жарыяланды.

Аскер прокуратурасы шаардык сотко райондук соттун “Апрель ТВ” телеканалынын эфирге кайрадан чыгышына уруксат берген чечимине каршы арызданган.

2020-жылдын 29-декабрында Бишкектин Октябрь райондук соту Аскер прокуратурасынын “Санарип технологиялар” менен “Апрель ТВ” жоопкерчилиги чектелген коомдоруна каршы экономикалык доосун карап, аны канааттандыруудан баш тарткан. Райондук соттун бул чечими менен “Апрель ТВ” кайрадан эфирге чыгууга расмий түрдө уруксат алганы кабарланган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге караштуу экени айтылган “Апрель ТВ” телеканалынын эфири 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында аны кармоо операциясы жүрүп жатканда өчүрүлгөн. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG