Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Казакстанда жарандык активист Дулат Агадилдин көз жумганына 1 жыл болду


Жарандык активист, маркум Дулат Агадил. 2019-жылдын 26-ноябры
Жарандык активист, маркум Дулат Агадил. 2019-жылдын 26-ноябры

Казакстанда жарандык активист Дулат Агадилдин тергөө абагында табышмактуу жагдайларда көз жумганына 1 жыл болду. Расмий бийлик ал «жүрөгү кармап» көз жумганын билдирген. Жакындары бул версияга ишенишпейт. Алар бийликтен ачык жана адилеттүү иликтөө жүргүзүүнү талап кылышкан. Бирок ал ишке ашкан эмес.

Бир жыл мурда 24-февралда полиция кызматкерлери 43 жаштагы Дулат Агадилди үйүнөн алып кетишкен. Анын санаалаштарынын айтымында, Агадил ошол күнү Нур-Султанга келишкен Европарламенттин өкүлдөрү менен жолукмак. Бир нече сааттан кийин Агадил тергөө абагында көз жумганы маалым болгон.

Блогер жана активист Дулат Агадил талаштуу сот жараяндарынан, каршылык акцияларынан онлайн трансляцияларды жүргүзүп, ар кандай саясий-социалдык маселелерди көтөрүп келген. Аны мыйзамсыз митингдерге катышты деген кине менен бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартышкан. Ал өмүрүнүн акыркы жылында жалпысынан 60 күн камакта болгон.

Агадилдин өлүмүнөн көп өтпөй анын саясий системаны жана бийликти сындап келген 17 жаштагы уулу киши колдуу болуп көз жумган. Ал мушташта бычак жеп, алган жараатынан каза болгону айтылган. Жакындары бул версиядан дагы күмөн санашат.

XS
SM
MD
LG