Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44
Жогорку Кеңештин депутаттары
Жогорку Кеңештин депутаттары

Депутаттар референдумдун жол-жобосун талашты

Жогорку Кеңеш Конституциянын долбоорун жана Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун жалпы отурумда карап жатат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-мартта талкуулап, жактырган.

Жогорку Кеңештин сайтына 9-февралда жарыяланган долбоорду бийлик быйыл апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы жоболор бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.

11:18 3.3.2021

Ирина Карамушкина: Бүгүн референдум өткөрүү маселеси гана каралышы керек болчу. Бул жерде Баш мыйзамдын жаңы долбоорун өткөргөнү жатасыңар. Биз араң кутулган президенттик башкарууга кайтканы жатабыз. Эскиге кайтуунун кандай зарылчылыгы бар?

Силер өлкөдөн кеткен жарандардын агымы көбөйүп жатканын билесиңерби? Алар келечекке ишеними жок болгону үчүн кетип жатат.

11:22 3.3.2021

Каныбек Иманалиев: 6,5 миллион элдин атынан Конституцияны иштеп чыгууга кандай акысы бар? Кантип 30 эксперт элдин атынан Баш мыйзамды жазат?

Ош облусунда же Баткенде талкуу болдубу? Аймактарда талкуу болбогондон кийин бул Бишкектин эле мыйзамы болуп калат.

Экинчиден, бул Баш мыйзамда сегиз ката жүрөт. (Каныбек Иманалиев "Табият менен таттуу мамиледе болуу, адилеттүүлүгү" деген сөздөрдү сындады).

11:29 3.3.2021

Талант Мамытов: Элибиз президенттик башкарууну тандаган. Ошого баш ийип отурабыз. Мурдагыга караганда бир топ укуктар чектелди. Хронологиядан чыкпай ишти алып барсак туугандар.

11:29 3.3.2021

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Конституциянын жаңы долбоорун жазган авторлордун аты-жөнүн ачыкка чыгарууну суранды. Ал 3-мартта парламенттин жалпы жыйынында спикерге ушундай өтүнүч менен кайрылды.

"Мыйзам долбоорун колубузга беришти. Ал жерде сексенден ашуун депутат "автор" деп жазылып турат, бирок алардын ким экени белгисиз. Компьютердеги версиясында да жок. Долбоорду талкуулаганга чейин авторлор тууралуу маалыматты бериңиздер. Алар ким экенин эл билиши керек", - деди Акаев.

Депутаттын сунушуна спикер "рахмат" деп жооп берди. Авторлор тууралуу маалымат берилеби-жокпу, айтылбай эле талкуу башталды. Долбоордун демилгечилеринин бири катары Бактыбек Турусбеков баяндама жасоодо.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG