Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Кыргызстан орусиялык мугалимдердин чыгымын толук көтөрөт


Орусиянын Агартуу министри Сергей Кравцов жана Алмазбек Бейшеналиев
Орусиянын Агартуу министри Сергей Кравцов жана Алмазбек Бейшеналиев

Кыргызстанга иш сапар менен келген Орусиянын билим берүү министри Сергей Кравцов менен билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Кравцов менен Бейшеналиев билим берүү инфраструктурасы багытында кызматташуу тууралуу протоколго кол коюшуп, бирлегешкен планды бекитишти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Протколдогу макулдашууга ылайык «Чет жактагы орусиялык мугалим» долбоорунун алкагында Орусияда Кыргызстандын мектептерине ыктыярчыларды тартып келүү боюнча иштер уланып, Кыргызстан орусиялык мугалимдерге жол акысы, турак жай, коммуналдык кызматтар, медициналык маалымкат үчүн акы төлөөнү өзүнө алып, отурукташып алууга чейин бир жолку жөлөк пулду төлөп берүүнү камсыздамай болду.

Мындан тышкары типтүү мектептерди бала бакчасы менен кошо салуу, табигый так илимдер жаатында билим берүүнү өнүктүрүү, орус тили мугалимдеринин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө багытталган курстарды уюштуруу маселеси да талкууланууда.

Орусиянын билим берүү министри Сергей Кравцов бул күндөрү Бишкекте иш сапары менен жүрөт. Ал 25-февралда президент Садыр Жапаров менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин билим берүү жаатында макулдашылган сүйлөшүүлөрүн ишке ашыруунун планын талкуулоо үчүн келген.

Буга чейин Кыргызстанга Орусиядан бир нече ыктыярчы мугалимдер келишкен. Бирок, алардын так саны боюнча расмий маалымат жок. (BCh)

XS
SM
MD
LG