Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Милиция «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесинде тинтүү жүргүздү


Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 15-мартта «Ханституцияга каршы» борборунун Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүздү. Бул маалыматты «Азаттыкка» борбордун төрагасы, саясатчы Жеңиш Молдокматов ырастады.

Анын сөзү боюнча тинтүү «Жетим-Тоо темир кенин коргоо кыймылынын» жетекчиси, «Ханституцияга каршы» борборунун мүчөсү Тилекмат Кудайбергеновго козголгон кылмыш ишине байланыштуу болду.

«Кеңсени мен ижарага алгам. Ал мага тиешелүү. Кеңседен компьютердин процессорун, флэш-карталарды алып кетишти. Мен тергөө аяктаганча маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу кол коюп бердим. Ушундай эле тинтүү Тилекматтын үйүндө да болду».

Жеңиш Молдокматов алардын кеңсесине милиция кызматкерлери келгенин «Фейсбуктагы» жеке баракчасынан түз көрсөттү.

Бишкек шаардык милициясы Тилекмат Кудайбергеновго «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган билдирүүлөрүнө байланыштуу бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деген шек менен кылмыш ишин козгонун анын адвокаты Амантур Абдрахманов кабарлаган.

Тилекмат Кудайбергенов «Фейсбукта» Тилекмат Куренов деп катталган. Ал былтыр декабрь айында Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин коргоо кыймылын түзгөндөрдүн бири жана аны жетектейт. Кыймыл Жетим-Тоону чет элдик ишкерлерге колдонууга бербөөнү жана экологияны сактоону талап кылат.

Кудайбергенов акыркы учурларда Конституциянын жаңы долбоорун жана бийликти сынга алып келаткан. 9-мартта Бишкекте ал долбоорго каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митингди алып барган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) активисттин кармалышы жана «Ханституцияга каршы» борборунун Бишкектеги кеңсесиндеги тинтүү тууралуу расмий комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG