Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Өкмөт: Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 50 миллион долларды түзөт


Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент. 11-март, 2021-жыл.
Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент. 11-март, 2021-жыл.

Кыргызстандын өкмөтү Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө келишимге 16-мартта кол койду.

Өкмөттүн маалыматына караганда, фонддун штаб үйү Бишкек шаарында жайгашат. Аны фонддун кеңеши жана башкармалыгы башкарат.

Аталган фонд өлкө аймагында катталган жана иш жүргүзгөн чарба субьектилерине насыя берип, капиталга катышуу жана башка финансылык инструменттерди пайдаланат. Муну менен Кыргызстандагы агроөнөржай, тигүү жана текстил, кайра иштетүү, тоо-кен өндүрүү жана металлургия, транспорт, турак-жай курулуш, соода, энергетикалык комплекс, инфраструктураны, туризмди жана ишкерликти өнүктүрүү багытындагы өзүн-өзү актай турган долбоорлорду каржылайт.

Өлкө аймагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдар, корпорациялар жана өнүктүрүү институттары менен иштешет. Анын уставдык капиталы 50 миллион долларды түзөт.

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга президент Садыр Жапаровдун 11-12-мартта Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында кол коюлган. (NT)

XS
SM
MD
LG