Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасулова “Кылым шамы” уюмунун атынан Сириядагы жана Ирактагы согуш аймактарда жүргөн аялдар менен балдарды кайтаруу жаатында иш жүргүзгөндөрдүн бири. Ал Кыргыз бийликтеринин ЮНИСЕФ уюму менен биргелешип, Ирактагы 79 баланы кайтаруусун кубаттады.