Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Новиков спорттун өнүкпөй жатышын сынга алды


Бишкек шаары. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу спортчулардын машыгуусу. Архивдик сүрөт.
Бишкек шаары. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу спортчулардын машыгуусу. Архивдик сүрөт.

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 16-мартта балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында Новиков Кыргызстанда балдар жана өспүрүмдөр спортунун өнүкпөй жатышынын себебин машыгуучу жайлардын жана тийиштүү инфраструктуранын жоктугуна байланыштырды.

«Адамдын ден соолугунун сактыгынын 50% анын кыймыл активдүүлүгүнөн көз каранды. Массалык жана балдар, өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү маселеси четте калууда. Статистика көрсөткөндөй, 2016-жылдан тарта спорттук объектилердин (короолордогу жана парк аймагындагы спорт аянтчалары, футбол талаалары, бассейндер, лыжа базалары, ден-соолук чыңдоочу комплекстердин) саны бир нече эсеге кыскарган".

Новиков Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин спортту жайылтуу боюнча кандай иштерди алып барып жатканы түшүнүксүз экенин айтты.

Кеңешменин жыйынтыгында март айынын соңуна чейин бардык спорт аянттарын жана залдарды инвентаризациядан өткөрүү, спорт объектилерин куруу жана ремонттоло турган объектилердин тизмесин даярдоо тапшырмасы берилди. Балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү долбоору боюнча сунуштарды киргизүү милдети тиешелүү жетекчилерге жүктөлдү.

Ошондой эле мектеп спортун өнүктүрүү боюнча «Мектеп лигасы» биргелешкен долбоорун ишке киргизүү, балдарды спортко тартуу үчүн аракет көрүүнү тапшырды.

Кыргызстан эгемендүү болгону өлкөдө спортко мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай калган.

XS
SM
MD
LG