Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Прокуратура: Ысык-Көл өнүктүрүү фонду казынага 150 млн. сом зыян келтирген


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Башкы прокуратура Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун текшерди.

Анын жыйынтыгында облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга деп “Кумтөр Голд” компаниясынан бөлүнгөн каражаттар максатсыз колдонулганы аныкталган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Башкы көзөмөл орган имараттардын курулуштарында, капиталдык оңдоолорго деп бөлүнгөн каражаттар мыйзамсыз пайдаланылганын белгилейт. Прокуратуранын эсептөөсүндө, жогорудагы мыйзамсыз иштерден 2015-2020-жылдары казынага 150 млн. сомдон ашык зыян келтирилген.

Учурда Башкы прокуратура 319-берене менен (“Коррупция”) кылмыш ишин козгоп, тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берди.

"Кумтөр" алтын кен долбоорун иштеткен "Центерра" компаниясы 2009-жылдагы макулдашууга ылайык жылдык тапкан кирешесинин 2 пайызын Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна которот. (TSh)

XS
SM
MD
LG