Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

АКШ Кыргызстандын Ирактан балдарды алып келгенин кубаттады

Ирактан алып келинген балдар. Бишкек. 16-март, 2021-жыл.
Ирактан алып келинген балдар. Бишкек. 16-март, 2021-жыл.

Америка кыргыз өкмөтүн Ирактан 79 баланы мекенине кайтарып келгенин кубаттады. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматта айтылат.

“Кыргыз өкмөтү кайтып келген балдарга жардам берүү жана аларды тезинен калыбына келтирүү, элине кайра кошуу менен коопсуз жана бейпил жашоого кайтуу боюнча бардык чараларды көрүү боюнча милдетин моюнуна алгандыгы үчүн мактоого арзыйт”, - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

АКШ элчилигинин билдирүүсүндө Борбор Азия мамлекеттери башка өлкөлөргө салыштырмалуу Сирия жана Ирактан өз жарандарын мекенине көбүрөөк кайтарып алып келгенин белгилеп, дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдү үлгү алууга чакырды.

Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга кайтарылды. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди. Аларды кайтарууга Кыргызстандын бийлиги, Кувейттеги элчилик жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жардам берген. Балдарды Иракта калган энелеринин уруксаты менен алып келишти.

Өкмөт Ирактан 79 баланы алып келди

Балдар Иракта калган энелеринин уруксаты менен Кыргызстанга жеткирилди.
1/11 Балдар Иракта калган энелеринин уруксаты менен Кыргызстанга жеткирилди.
Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга жеткирилди. Кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди.
Балдарды кайтарып келүү үчүн 2021-жылдын февралында Иракка Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирген жумушчу тобу жөнөтүлгөн.
2/11 Балдарды кайтарып келүү үчүн 2021-жылдын февралында Иракка Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирген жумушчу тобу жөнөтүлгөн.
Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга жеткирилди. Кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди.
Эми балдар реабилитациядан өткөрүлөт.
3/11 Эми балдар реабилитациядан өткөрүлөт.
Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга жеткирилди. Кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди.
Балдарды кайтарууга Кыргызстандын бийлиги, Кувейттеги элчилик жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жардам берген.
4/11 Балдарды кайтарууга Кыргызстандын бийлиги, Кувейттеги элчилик жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жардам берген.
Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга жеткирилди. Кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди.
5/11
Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга жеткирилди. Кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди.
Өкмөт Сириядагы жарандарды да алып келүү үчүн учак жөнөтө турганы 10-мартта белгилүү болгон. Ал аракет качан ишке ашары айтылган эмес.
6/11 Өкмөт Сириядагы жарандарды да алып келүү үчүн учак жөнөтө турганы 10-мартта белгилүү болгон. Ал аракет качан ишке ашары айтылган эмес.
Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга жеткирилди. Кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди.
<p>Буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Сирия менен Ирактагы жарандарын жана алардын балдарын алып келген. Качкындардын көпчүлүгү Сириянын түндүк-чыгышындагы Эл-Хасака аймагында жайгашкан &ldquo;Аль-Хол&rdquo; лагеринде жашап жатканы кабарланган.&nbsp;11 миң адамга эсептелген бул жайда азыр 73 миң качкын бар, алардын 94% аялдар жана балдар.</p>
7/11

Буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Сирия менен Ирактагы жарандарын жана алардын балдарын алып келген. Качкындардын көпчүлүгү Сириянын түндүк-чыгышындагы Эл-Хасака аймагында жайгашкан “Аль-Хол” лагеринде жашап жатканы кабарланган. 11 миң адамга эсептелген бул жайда азыр 73 миң качкын бар, алардын 94% аялдар жана балдар.

Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга жеткирилди. Кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди.
2017-жылы Рейтер агенттиги&nbsp;<span style="font-size: 1em;">Иракта &ldquo;Ислам мамлекети&rdquo; экстремисттик тобунун согушкерлеринин аялдары жана балдары деген 1400дөй чет элдик бар жана кармалгандардын көбү Түркиядан, калгандары Тажикстан, Азерабайжан, Орусиядан келгендер экенин, а</span><span style="font-size: 1em;">расында борбор азиялыктар да бар экенин жарыялаган.&nbsp;</span>
8/11 2017-жылы Рейтер агенттиги Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлеринин аялдары жана балдары деген 1400дөй чет элдик бар жана кармалгандардын көбү Түркиядан, калгандары Тажикстан, Азерабайжан, Орусиядан келгендер экенин, арасында борбор азиялыктар да бар экенин жарыялаган. 
Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга жеткирилди. Кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди.
Ирактын расмий өкүлдөрү чет элдик аялдар менен балдар Мосул шаарынын түштүгүндөгү лагерде кармалып турушканын, алардын тек-жайын, жарандыгын тактоо аракеттери жүрүп жатканын 2017-жылы августа билдиришкен.&nbsp;
9/11 Ирактын расмий өкүлдөрү чет элдик аялдар менен балдар Мосул шаарынын түштүгүндөгү лагерде кармалып турушканын, алардын тек-жайын, жарандыгын тактоо аракеттери жүрүп жатканын 2017-жылы августа билдиришкен. 
Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга жеткирилди. Кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди.
Кыргызстандан кетип, Сирия менен Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөн кыз-келиндердин көпчүлүгү күйөөсүн ээрчип баргандар экенин 16-февралда диний радикализмди алдын алуу боюнча иштеген &laquo;Азия Групп&raquo; фонду билдирген.
10/11 Кыргызстандан кетип, Сирия менен Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөн кыз-келиндердин көпчүлүгү күйөөсүн ээрчип баргандар экенин 16-февралда диний радикализмди алдын алуу боюнча иштеген «Азия Групп» фонду билдирген.
Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга жеткирилди. Кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. &laquo;Ислам мамлекети&raquo; террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.&nbsp;
11/11 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. 
Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга жеткирилди. Кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди.
Артка
Алдыга

Маалыматка караганда, эми алар реабилитациядан өткөрүлөт. 2021-жылдын февралында Иракка Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирген жумушчу топ жөнөтүлгөн. Өкмөт Сириядагы жарандарды да алып келүү үчүн учак жөнөтө турганы 10-мартта белгилүү болгон. Ал аракет качан ишке ашары айтылган эмес.

Буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Сирия менен Ирактагы жарандарын жана алардын балдарын алып келген. Качкындардын көпчүлүгү Сириянын түндүк-чыгышындагы Эл-Хасака аймагында жайгашкан “Аль-Хол” лагеринде жашап жатканы кабарланган.

11 миң адамга эсептелген бул жайда азыр 73 миң качкын бар, алардын 94% аялдар жана балдар. Кыргызстандан кетип, Сирия менен Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөн кыз-келиндердин көпчүлүгү күйөөсүн ээрчип баргандар экенин 16-февралда диний радикализмдин алдын алуу боюнча иштеген «Азия Групп» фонду билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG