Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Чет өлкөлүк ишкердин соту 18-мартта башталат


Кыргызстандагы абактардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги La Maison ресторанынын кожоюну Филипп Лаффорг Кыргызстанда алдамчылыкка шектелип кармалган. Анын сот иши 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башталат. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Кыйноолорго каршы республикалык борбордун маалыматы боюнча Филипп Лаффорг - Франциянын жараны. Ал Бишкекте 2020-жылдын 28-декабрында Жазык кодексинин 204–беренеси (“Алдамчылык) менен шектелип кармалган. Учурда №1 тергөө абагына жатат.

Ички иштер министрлиги бул иш боюнча кененирек маалымат берген жок. (TSh)

XS
SM
MD
LG