Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Кыргызстан менен Өзбекстан 60 долбоорду чогуу ишке ашырат


Кыргызстан менен Өзбекстандын туулары.
Кыргызстан менен Өзбекстандын туулары.

Кыргыз өкмөтү президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарында жалпысынан 550,4 млн. долларга 60 долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлганын кабарлады.

Ага ылайык, биринчи баскычында 50 млн. доллар капиталы менен кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлөт.

Кыргызстандын Чүй облусунда 100 млн. долларга жүгөрүнү иштетүүчү ишкана ачуу, Өзбекстандын Фергана облусунда «GeoBetonBagdad» компаниясынын базасында бетондон буюм чыгаруу боюнча 40 млн. долларга бааланган долбоорду ишке ашыруу каралган.

15 млн. долларга «Кызыл-Кыя» соода-логистикалык борборун куруу, ушундай эле суммага медициналык буюмдарды жана аспаптарды өндүрүү пландалып жатат.

12,5 млн. долларга мөмө-жемиш продукциясын кайра иштетүү жана сактоо, аны Кыргызстан аркылуу Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) рыногуна экспорттоо боюнча биргелешкен дүң-логистикалык борборлору түзүлөт.

10 млн. долларга заманбап күнөскана чарбасы жана логистикалык борбор ачылат.

Өзбекстандын Наманган облусунда жемиштерди кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк-логистикалык ишканага инвестиция тартуу, «Uni Mobile» компаниясынын алкагында цемент заводун куруу боюнча да келишим бар. Эки долбоордун суммасы 8 млн. доллардан.

Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барып келди. Бул сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн жетекчилери кыргыз-өзбек чек ара маселесин үч айдын ичинде чечүү тууралуу сүйлөштү. (BTo)

XS
SM
MD
LG