Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Орусия "Твиттерге" тыюу саларын эскертти


Орусиянын байланыш, маалымат технологиялар тармагын тескеген Роскомнадзор кызматы «Твиттер» социалдык тармагы тыюу салынган маалыматтарды өчүрбөсө, бир айдан кийин блоктой турганын эскертти. Бул тууралуу шейшембиде орусиялык маалымат каражаттары Роскомнадзордун жетекчи орун басары Вадим Субботинге шилтеме берип жазып чыкты. Чиновник «Твиттер» Орусиядагы тыюу салынган контентти өчүрүү боюнча эч кандай чара көрбөй жатканын айткан.

«Эгер ушундай абал улана берсе соттун чечимисиз эле социалдык тармак бир айдан соң блоктолот»-деп билдирген Субботин.

Орусия 10-марттан тартып өз аймагында “Твиттер” социалдык тармагынын ылдамдыгын жайлата баштаган. Роскомнадзор муну менен “орус жарандарын жана интернет кызматын Орусия Федерациясынын аймагында мыйзамдарды аткартууну” көздөгөнүн түшүндүргөн. Москванын жүйөсүндө, “Твиттер" "2017-жылдан бери жашы жетелектерди өз жанын кыюуга азгырган, балдардын порнографиясы камтылган, маңзаттарын колдонуу тууралуу маалыматтарды өз платформасынан өчүргөн эмес”.

Орус бийлигинин мындай кадамына “Твиттер” компаниясы камтама болуп, мыйзамсыз маалыматтарды таратпаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG