Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Өкмөт «Мекен-картты» 1-сентябрдан тартып берүүнү караштырууда


Артем Новиков
Артем Новиков

Вице-премьер-министр Артем Новиков өкмөт өкүлдөрү менен 16-мартта чогулуп, башка өлкөнүн атуулдугун алып жүргөн, түбү кыргызстандык адамдар үчүн «Мекен-карт» документин берүү жол-жобосун талкуулады.

Чет элде жарандыгы бар мекендештерге багытталган бул карта тууралуу мыйзам 2020-жылдын 4-августунда күчүнө кирген.

Ага ылайык мындай документти алып жүргөн адамдар Кыргызстанга визасыз кирип-чыгып, бир катар жеңилдиктерди ала алат.

Документке байланыштуу 1-апрелден тарта бардык юридикалык иш-чараларды жыйынтыктап, 1-сентябрдан картаны бере баштоо каралууда.

«Мекен-карт» Кыргызстандын жарандыгынан расмий баш тарткандарга гана берилет. Мыйзам долбоору даярдалып жатканда башка мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандыктар менен талкуулар өтүп турган.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, чет өлкөнүн жарандыгын алган 600 миңдей кыргызстандык бар.(BCh)

XS
SM
MD
LG