Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Түндүк Корея баллистикалык ракета учурганы кабарланды


Түндүк Корея 25-мартта баллистикалык деп болжолдонгон ракета учурду. Бул тууралуу Түштүк Кореянын, Жапониянын жана АКШнын расмий адамдары кабарлашты. Бул окуя Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден кызматка киришкен соң биринчи жолу болуп отурат.

Жапониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга баллистикалык ракеталар учурулганын ырастап, «бул биздин өлкөгө жана аймактын тынчтыгына коркунуч туудурат. БУУнун резолюцияларын да бузууга жатат»,-деп билдирди.

Ал эми Түштүк Кореянын аскерий штабдарынын бириккен комитети кыска аралыкка атылуучу ракеталар Түндүк Кореянын чыгышынан учурулганын кабарлады. Андагы маалыматка ылайык, бул курал 450 чакырым аралыкка учуп, деңизге түшкөн. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Инд-Тынч океан аймагынын командачылыгы Пхеньяндын акыркы аракетин коңшуларга жана эл аралык коомчулукка коркунуч туудурарын билдирди.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык, Түндүк Кореяга баллистикалык рекаталарды учурууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG