Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Египетте эки поезд кагылышып, 30дан ашык адам каза болду


Египет.
Египет.

Египеттин түштүгүндө эл ташыган эки поезд кагылышып, кеминде 32 адам каза болду. Алтымыштан ашыгы түрдүү жараат алды. Египеттин Саламаттык сактоо министрлиги Каирден 450 чакырым алыстыктагы Сохаг провинциясындагы кырсык болгон жерде бир нече "Тез жардам" бригадасы иштеп жатканын кабарлады.

Өлкө президенти Абдель Фаттах ас-Сиси кырсыкка күнөөлүүлөр жазаланарын убада кылды. Ал "Твиттердеги" баракчасына “бул кырсыкка шалаакылык, коррупция же башка себептен улам себепкер болгондор катуу жазага тартылышы керек”,- деп жазды.

Аварияга катышкан бир поезд Луксордон Александрияга бара жатса, экинчиси Каирден түштүктөгү Асуан шаарына багыт алган.

Кырсык Египеттеги Суец каналында чоң кеме тыгылып, деңиз аркылуу жүк ташуу зыянга учураган мезгилге туш келди.

Египетте соңку жылдары темир жол кырсыктары көп катталып келет. Буга темир жол инфраструктурасынын начардагы жана ага убагында көңүл бурулбаганы себеп экени айтылат.

Эң ири кырсык 2002-жылы катталып, андан 370ден ашык адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG