Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

COVID-19: Дагы бир адам каза болду, 146 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 28-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Бишкек шаарындагы ооруканада жаткан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1495 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 146 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (101) жана Чүй облусунда (34).

Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 88 092 адамга жетти.

Бир күндө 63 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 528 адам жатат, дагы 520 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4238 адамга жетти, алардын 4196сы айыгып чыкты.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, соңку айларда вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG