Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Башкы прокурордун орун басары кызматтан кетти


Башкы прокуратуранын имараты.
Башкы прокуратуранын имараты.

Башкы прокурордун орун басары Жамиля Жаманбаева өз арызы менен кызматтан кетип, анын ордуна Рысбек Альчиев дайындалды. Тиешелүү буйруктарга президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Рысбек Альчиев буга чейин Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары болуп иштеген.

Башкы прокурордун беш орун басары бар. Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү, экс-депутат Курманкул Зулушев өткөн жылдын 21-октябрында башкы прокурор болуп дайындалган. Бир айдан кийин анын төрт орун басары алмашкан. Садыр Жапаровдун буйруктары менен Нуркамал Набиев башкы прокурордун биринчи орун басары, Турусбек Ишеналиев менен Абай Молдокматов башкы прокурордун орун басарлары болуп дайындалышкан.

Башкы прокурордун орун басары Сагындык Мукашов аскер прокурору болуп дайындалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG