Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

БУУнун өкүлү Герман президент Жапаровго адам укуктары боюнча кеңеш түзүүнү сунуштады


Президент Садыр Жапаров (оңдо) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман. 2021-жылдын 30-марты.
Президент Садыр Жапаров (оңдо) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман. 2021-жылдын 30-марты.

Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен 30-мартта жолугуп, өлкөдөгү коомдук-саясий процесстерди жана эпидемиологиялык кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык Кыргызстандын мамлекет башчысы өткөн жылдын октябрь окуялары өлкө тарыхындагы бурулуш баскычтардын бири болгонун, учурда кырдаал турукташып, укуктук талаага кайтып келгенин билдирди.

Жапаров Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн референдумга даярдык жүрүп жатканын, эл аралык өнөктөштөр менен өткөөл мезгилден ийгиликтүү өтөөрүнө ишеним артып, БУУнын институттары шайлоо өнөктүгүнө көмөктөшүп жатканына ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчы референдумдан кийин бардык тармактарда реформаларды жүргүзүүгө саясий эрки бар экенин белгиледи.

БУУнын өкүлү Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгү ачык-айкын өтөөрүнө үмүт артып, уюм менен өлкө ортосунда адам укуктары боюнча биргелешкен кеңеш түзүүнү карап көрүүнү сунуштады.

Атайын өкүл Наталья Герман БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриштин Кыргызстандагы окуялардын өнүгүшүнө абайлоо менен байкоо жүргүзүп жатканын белгиледи. Герман кыргыз тарап эл аралык өнөктөштөр менен бирге Ирактагы 79 баланын Бишкекке кайтарып келгенин кубаттап, БУУ мындай иштерде жардамын уланта берерин айтты.

Ошондой эле БУУ коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдө кызматташууга эксперттик жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. (TSh)

XS
SM
MD
LG