Кыргызстан | Жаңылыктар (31.03.2021) "Бүгүн Азаттыкта"
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болду. Ош шаардык кеңешине аттанган партиялар президент Садыр Жапаровго кайрылды. АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарына арналган баяндамасын чыгарды, анда бажыдагы коррупциянын бетин ачкан "Азаттыктын" журналисттери коркутуп-үркүтүүгө кабылганы да белгиленген.