4-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.
Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 18...23,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 19...24,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз 6...11,
Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 5...10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -4...+1 градус.
4-апрелде Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 21…23 градус болот.