Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Журналист Жаркын Суран кызынын сөөгүн жерге беришти


Жаркын Суран кызы.
Жаркын Суран кызы.

«Азаттык» радиосунунун мурдагы кабарчысы, ардагер тжурналист Жаркын Суран кызынын сөөгү 4-апрелде Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу Тоо-Дыйкан айылында жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана кесиптештери катышты.

Жаркын Суран кызы 3-апрелде 66 жашында узак оорудан улам көз жумган. Ал өткөн жылы октябрь айында жүрөгүнөн операция болгон.

Жаркын Суран кызы 1978-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (мурдагы КМУнун) филология факультетинде журналистика адистигинде окуган.

Журналисттик эмгек жолун 1996-жылы райондук «Өзгөн нуру» гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштап, редакторлукка чейин жеткен. Ал аймактагы жергиликтүү элдин социалдык турмушуна, аялдардын укуктарына байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан журналист катары таанылган.

Журналисттик ишин 1990-жылдардын ортосунда «Азаттык» радиосунда улантып, адам укуктары, аялдар укугу багытында адистешкен журналист катары калыптаган.

Анын Аскар Акаевдин президенттик бийлиги маалында саясий куугунтуктоонун айынан абакта жаткан оппозициячыл саясатчы Топчубек Тургуналиев менен, андан соң абактагы (мурдагы вице-президент) Феликс Кулов менен абактан алынган маектери эл аралык коомчулукта өзгөчө кызыгуу жараткан (абактын ичинен маек алуу менен байланыштуу бул окуялар жалпы пост-советтик Борбордук Азия журналистикасы үчүн алгачкы учурлардан болуп калган).

Кийинчерээк «Зындан» аттуу эркин гезит чыгарып, анда бейкүнөө соттолгондордун, өлүм жазасына тартылгандардын укуктарына байланышкан маалыматтарды, талдоолорду, инсандык бейнелерди жана маектерди басып чыгарып турган. 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу эскерүүлөрдү жазган.

Жаркын Суран кызына 2010-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» мамлекеттик наамы ыйгарылган.

Маркум 1955-жылы 20-майда Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу Тоо-Дыйкан айылында төрөлгөн.

XS
SM
MD
LG