Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Референдум менен шайлоого катышуучулардын тизмеси такталды


Парламенттик шайлоо. 2020-жыл.
Парламенттик шайлоо. 2020-жыл.

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо добуш берүүчүлөр жана референдумга катышуучулардын тизмеси шайлоочулардын «Тизме» (ред: tizme.gov.kg) мамлекеттик порталына жарыяланды.

2021-жылдын 1-апрелине карата референдумга катышуучулардын саны 3 миллион 606 миң 201 адам болду. Анын ичинен 1 миллион 725 миң 849у эркектер, 1 миллион 880 миң 352и аялдар.

Ушул эле убакытка карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн саны 3 миллион 318 миң 130 адамды түздү. Анын ичинен 1 миллион 587 миң 598и эркектер, 1 миллион 730 миң 532и аялдар.

Референдумду өткөрүү үчүн 2 483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде. Ал эми шайлоого 2 273 тилке ачылды.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. (BTo)

XS
SM
MD
LG