Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Бишкекте төрт миңден ашык ит кутурмага каршы эмделди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Бишкек шаардык инспекциясы 2021-жылдын биринчи кварталында борбордо 4 337 итти кутурмага каршы эмдеди.

Бул тууралуу 4-апрелде шаардын вице-мэри Айжан Чыныбаева борбордо окуучуну ит талаган окуяга байланыштуу уюштурган жыйында айтты.

1-апрелде Бишкектеги Балдардын тез жардам ооруканасына ит тиштеп алган 12 жаштагы бала түшкөн. Окуя Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Интернетке тараган видеодон көчөдөн өтүп бараткан окуучуну, ага арачы болгон аялды ит талаган. Видеодон баланы ит тиштегени жана аны ажыратып алууга аракет кылган адамдарды көрүүгө болот.

Бул факт боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы «Майда бейбаштык» беренеси менен иш козгоп тергеп жатат. Иттин ээси аныктала элек.

Бишкек мэриясы шаардыктарга иттерин эмдетүүгө жана аларды көчөгө чыгарганда башкалардын коопсуздугун эске алууга чакырды. (BTo)

XS
SM
MD
LG