Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Ысык-Көлдөн Бишкекке кыз ала качууга шектелген жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кайгуул кызматы Ысык-Көл облусунан Бишкекке кыз ала качып келген деген шек менен 22 жаштагы жаран кармалганын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, 2-апрелде түндө Бишкек милициясына ала качуу жөнүндө маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда 25 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Анда чала таанышы ала качып келгенин, никеге турууга мажбурлап жактанын айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Кылмышка шектүү кармалып, бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды жана тергеп-иликтөө башталды.

Кыргызстандын Жазык кодексинин 175-беренесине ылайык, кыз ала качуу оор кылмыштардын катарына кирет.

2019-жылы кабыл алынган Жазык кодексинин бул беренесинде Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кызды күч менен ала качкан адам беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар эркинен ажыратылгандан тышкары 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат. (TSh)

XS
SM
MD
LG