Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Коронавирус дагы 139 кишиден аныкталып, бир адам каза болду


Бишкектеги ооруканалардын бири.
Бишкектеги ооруканалардын бири.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 5-апрелдеги маалыматына караганда, соңку суткада Кыргызстанда илдет дагы 139 кишиден аныкталды. Анын дээрлик көбү, 123ү Бишкек шаарында.

Бишкекте COVID-19дан бир адам каза болду. Жалпысынан бул оору 1507 адамдын өмүрүн кыйды.

Кыргызстанда коронавирусту жалпы 89 153 адам жуктуруп алды. Анын 85 миңден ашыгы сакайып чыкты. Ооруканада 648 адам бул илдет менен алышып жатат. 34 бейтап өтө оор абалда.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта баштады. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Ага Кытайдын SinoPharm компаниясынын вакцинасы колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет. (TSh)

XS
SM
MD
LG