Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

«Мегаком» 116 млн. сомго радиожыштыктарды сатып алды


«Мегаком» компаниясынын Бишкектеги башкы кеңсеси.
«Мегаком» компаниясынын Бишкектеги башкы кеңсеси.

Өкмөткө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы (ред: мурдагы Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитет) 9-мартта радио жыштык спектрин аукционго чыгарып сатты.

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек менен Ош шаарын кошпогондо Кыргызстандын бардык аймагын камтыган туурасы 40 МГц болгон 2300 - 2340 МГц радиожыштыктары 74 млн. 205 миң сомго бааланган. Сынакка «Мегаком» деген соода бренди менен таанымал «Альфа Телеком» компаниясы гана катышып 77 млн. 915 миң сомго сатып алган.

10-мартта жогорудагы эки шаардан башка Кыргызстандын бардык аймагын камтыган дагы бир туурасы 20 МГц болгон 2380 - 2400 МГц радиожыштыктары 37 млн. 102 миң сомго аукционго коюлган. Бул жыштыктарда да «Мегаком» ишканасы 38 млн. 957 миң сомго утуп алган.

«Мегаком» компаниясы 2010-жылдан кийин мамлекеттештирилген. Уюк операторун өкмөт бир нече жолу сатууга аракет кылган.

Радиожыштыктар уюк операторлорунун сапаттуу иши үчүн маанилүү. Былтыр мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганына байланыштуу кылмыш иши козголуп бир катар чиновниктер кармалган. Иш тергелип жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG