Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Косово парламенти Османи айымды президент кылып шайлады


Косовонун жаңы шайланган президенти Вйоса Османи айым. 2021-жылдын 4-апрели.
Косовонун жаңы шайланган президенти Вйоса Османи айым. 2021-жылдын 4-апрели.

Косовонун парламенти 4-апрелде кечкурун бийликтеги «Ветевендосйе» («Өзүн өзү аныктоо») кыймылынын талапкери Вйоса Османи айымды өлкөнүн жаңы президенти кылып шайлады.

39 жаштагы юрист Османи айым президенттикке үчүнчү айлампада 71 добуш менен шайланды. Үчүнчү айлампада талапкер жеңүү үчүн 61 добуш алса эле жетишмек. Добуш берүүгө сексен эки депутат катышкан, бирок 11 бюллетен жараксыз табылган. Османинин атаандашы, партиялашы Насуф Бейта бир дагы добуш алган жок.

Чечүүчү айлампа парламент кворум үчүн талап кылынган 80 добушту топтой албагандыктан, президентти шайлай албай калган күндөн бир күн өткөн соң орун алды.

3-апрелдеги добуш берүүнүн эки айлампасына жалпы 120 депутаттан 78 жана 79 депутат катышкан.

Эгерде парламент 5-апрелге чейин президентти шайлай албаса, анда кезексиз парламенттик шайлоо дароо дайындалмак. Бул эрте шайлоо премьер-министр Албин Куртиге өкмөттү көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жол ачышы ыктымал болчу.

Косово парламенти президентти шайлоодо. Приштина шаары. 2021-жылдын 4-апрели.
Косово парламенти президентти шайлоодо. Приштина шаары. 2021-жылдын 4-апрели.


“Ветевендосйе” кыймылы быйыл февралда өткөн шайлоодо 120 орундун 58ин жеңип алып, серб эмес этностук азчылыктардын өкүлдөрүнөн болгон тогуз депутат менен бирдикте башкаруучу коалиция түзгөн.

Оппозиция жана серб тегиндеги депутаттар добуш берүүгө бойкот жарыялашкан, бирок 3-апрелде кечке жуук парламенттин тыныгуусун утурлай, Курти менен Османи президентти шайлоо үчүн зарыл болгон көпчүлүктү топтой алышты.


Косовонун мурдагы президенти Хашим Тачи 2020-жылы ноябрда кызматтан кеткен. Ал 1998–1999-жылдардагы Косоводогу серб-албан куралдуу жаңжалы учурунда адамзатка каршы кылмыштар жана согуш кылмыштарын жасага деп айыпталууда. Тачи мырза өзүнө коюлган доолорду четке кагууда. Хашим Тачи өз ыктыяры менен Гаага трибуналына барган. (TT)

XS
SM
MD
LG