Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

COVID-19: Дүйнөдө Пасха майрамына карата чектөөлөр күчөтүлдү


Киевдеги метро.
Киевдеги метро.

Дүйнөдөгү протестанттар жана католиктер 4-апрелде Пасха майрамын коронавирус чектөөлөрүнүн шартында белгилеп жатышат. 3-апрелде Францияда үчүнчү ирет толук карантин чаралары киргизилди. Буга ооруканалардын жандандыруу бөлүмдөрү толуп калганы себеп болду.

3-апрелде Италия алдыдагы майрам күндөрүн утурлай карантин чектөөлөрүн күчөттү. Ал арада Германияда ишембиде нааразылык акциясына чыккандар «COVID диктатурасына чекит коюну» талап кылышты.

Канадада 3-апрелде коронавируска чалдыккандардын жалпы саны бир миллиондон ашты. Тайвань COVAX программасынын алкагында коронавируска каршы вакцинанын алгачкы партиясын алды.

XS
SM
MD
LG